Жалал-Абад шаарындагы бала бакчаларды кайрадан ишке киргизүү боюнча атайын комиссия жеринде текшерүү иштерин алып барууда. Ага ылайык илдет башталгандан тарта жумушу токтотулган бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелери балдарды кабыл алууда алардын ден соолугуна кам көрүп, зарыл болгон санитардык талаптарды сактоого тийиш. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Комиссиялык топ жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлүп, менчигинин түрүнө карабай бардык бала бакчаларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен гана бала бакчалардын ишин жандантууга уруксат берилмекчи. Күн сайын ар бир баланын дене табы өлчөнүп, ата-энесинин жана жакындарынын ооруга кабылгандар менен байланышта болгон же болбогондугуна сурамжылоо жүргүзүлүп турат. Балдардын коопсуздугу үчүн кызматкерлер да жоопкерчиликтүү түрдө иш алып барууга милдеттүү.

Эскерте кетсек, өлкөдө 5-июндан тарта бала бакчалардын ишке кирүүсүнө уруксат берилген. Бирок алардын ишмердүүлүгү боюнча жергиликтүү бийлик абалын карап чыккан соң чечим кабыл алат.