Коом

«СПИД» борборунун кызматкери коронавирус жугузуп алды

Республикалык «СПИД» борборунун кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул маалыматты борбордон тастыкташканын Кaktus.media жазып чыкты.

Уюм жетекчиси Үмүткан Чокморованын айтымында, медицина кызматкери ооруну жумуш учурунда жугузган эмес.

«Ал бизден жуктурган жок. 25-майда Орозо айтка байланыштуу баары эс алып жатышкан. Кийинки күнү — шейшембиде — кызматкерибиз чалып, дене табы көтөрүлүп жатканын айтты. Лаборатория башчысы аны жумушка келбесин деди. Көрсө, ал үйүнөн аспирин ичиптир. Шаршемби күнү дене табы түшүп, ал жумушка чыкты. Анын дене табы тууралуу билгенден кийин дароо коронавируска анализ алдык. Кечинде вирус бар экени аныкталды», — деп айтып берген ал.

Мындан кийин борбордун бардык кызматкерлери — 48 адам —  анализ тапшырган.

«Мен эч кимисин үйүнө жиберген жокмун. Анализдин жыйынтыгын күттүк. Эртең менен анализдер таза чыкты. Азыр илдетке чалдыккан кызматкерибиз жугуштуу оорулар ооруканасында жатат. Ал иштеген лаборатория карантинде. Аны менен тыгыз байланышта болгон кызматкерлердин баары обсервацияга жаткырылды. Кийинки шаршембиде дагы бир жолу анализ тапшырабыз. Азырынча эч кимде белгилер жок. Улгайган кызматкерлерди үйлөрүнө жөнөттүк. Калгандары иштеп жатат», — деген Чокморова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button