Ушул жылдын 8-июнунда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Ирландиянын Вице-премьер министри, тышкы иштер жана соода министри Симон Ковени менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Тараптар учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын мындан ары жайылышын болтурбоодо тажрыйба алмашуу үчүн биргелешкен аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Министрлер ошондой эле Ирландиянын “жашыл экономика” жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү тажрыйбасын эске алуу менен эки тараптуу мамилелерди активдештирүү, келишимдик-укуктук базаларды кеңейтүү, БУУнун алкагында көп тараптуу кызматташтык багыты боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Министрлер жакынкы аралыкта онлайн конференция форматында министрлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтердин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашты.