NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Жылдыз Жолдошова менен альянс түзүп, биригүүгө кадам таштагандар боюнча маек курган. Анда экс депутат Ж.Жолдошова “саясатчылардын биригүүсү «майнап» чыгара алабы, шайлоого дейре түзгөн альянсты сактап кала алышабы аны убакыт көрсөтөт,”-деген.


—Жылдыз эже, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев жана бир канча жаш саясатчылардан турган топ бириккенин, шайлоого “Ата Мекен” партиясынын желегинин алдында бараарын жарыялашты. Маегибизди биригүү ийгиликке жол ачабы деген суроодон баштасак…

—Партиялык тизме менен шайлоого катышууда, биригүү кадимки эле көрүнүш… Бирок, кайсы партиялар, кайсы саясатчылар биригүүгө барат, кеп ошондо. Быйылкы, күздө өтө турган шайлоо кандай өтөт, алдын ала айтуу кыйын. Анткени, коронавирус эпидемиясы күзүндө кандай жагдай түзөөрү белгисиз. Ал эми сиз айткан саясатчылардын биригүүсү «майнап» чыгара алабы, шайлоого дейре түзгөн альянсты сактап кала алышабы аны убакыт көрсөтөт. Быйылкы шайлоодо, баарына оор болот. Анткени, элибиз көп нерсеге саресеп салып түшүнүп калышты…

—Шайлоо алдындагы биригүүлөр, түзүлгөн саясий альянстардын негизги максаты элдин башын айлантып добуш алуубу?

—Элди алдай алышпайт, бирок айрым партиялар шайлоочулардын добушун сатып алышат…

—Саясаттагы биригүүлөр, түзүлгөн альянстар  ар дайым утуш гана алып келеби же тескерисинче утултуп да койгон учурлар болобу?

—Саясатта кимдер менен биригесиң деген маселе да мааниге ээ. Айтайын дегеним, таза, эл үчүн кызмат кылган инсандар бириксе, шайлоо адилеттүү өтсө ийгиликке жетишсе болот. Ал эми, элдин ырыскысына кол салгандар, убадасын берип аткарбагандар, коррупцияга малынгандар, мародерлукка аралашкандар, банктарды тоноого катышкандар, трайбалисттик көз караштан алыс боло албагандар терс көрүнүш менен коомго таанылган саясатчылар биригишсе, алардын ийгиликке жетпеши  талашсыз…

—Кыргыз саясатындагы биригүү биригүү ынтымактуулуктун үлгүсүбү же бийликке таасир этүүнүн  аргасыбы?

—Биригүү, өзү алдыдагы койгон максатка жетүүнүн аракети. Ар бир биригүү ынтымактын белгиси  эмес, бирок күчтүү инсандар бириксе, артында шайлоочулар бар болуп, алар сөзсүз таасирдүү күчкө айланат. 

Булак: NazarNews.kg