8-июнда Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын 25 кызматкери, өзүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо зор салымдары үчүн Бишкек шаардык ИИББнин Ардак грамотасы жана Алкыш жарыялоо баракчалары менен сыйланышты. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Бул салтанаттуу куттуктоо аземинде Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчысы милициянын майору Алмазбек Исаков өздүк курамдын кылган кызматын өзгөчө баалап, -өлкөбүздө кандай кырдаал болбосун, өзүбүздүн эрктүүлүгүбүздү, чыдамкайлыгыбызды жана кызматыбызга берилгендигибизди көрсөтө алаарыбызга ишенем, жана коомдук коопсуздук менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кошкон салымыңар чоң экендигин эске алып, Ардак грамота менен Алкыш баракчасын өзү тапшырды.

Ошол менен бирге мактоо баракчаларын алган кызматкерлерди куттуктоо менен бирге жалпы Милициянын кайгуул кызматкерлерине бекем ден соолук жана кызматына ийгилик каалады. Мындан сырткары Свердлов райондук ИИБгы боюнча ыкчам кызматынын орун басары милициянын полковниги Азамат Байгазиев Милициянын кайгуул кызматкерлерине мактоо баракчаларын тапшырып, биздин аткарган кызматыбыз жана койгон максатыбыз бир экендигин белгилеп, Свердлов райондук ИИБинин атынан куттуктоо менен ыраазычылыгын билдирди.