Бишкек шаарында жайгашкан «Ош» базарында коронавирус жуктурган учур катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында вице-мэр Азиз Алымкулов билдирди.

«Коронавирус инфекциясын жугузуп алган жарандардын көбөйүп жатканына байланыштуу шаардык Санэпидкөзөмөл борборунун сунушу менен «Орто-Сай» базарынын иши 10-июндан 13-июнга чейин дезинфекциялоо чаралары үчүн убактылуу токтотулду. Азыркы күндө «Ош» базарын дагы жабуу маселеси каралууда. Базарларда учурлар көбөйө берсе жабууга аргасыз болобуз», — деди Азиз Алымкулов.

Ал кошумчалагандай, дезинфекциялоо иштерине кеткен каражатты базарлардын ээлери же администрациясына төлөтүү маселеси каралууда.

Ошондой эле «Centre Bar» жана «LIVE BAR» караоке-барларынын, «Ыр Кесе» кафесинин, «BootCamp» компьютердик оюн клубунун иши токтотулду.