Депутат Алтынбек Сулайманов КТРКда канча кызматкер иштей турганын сурады.

Корпорациянын директору Жайнак Үсөн уулунун айтымында, 910 кызматкер иштейт.

«Бизге мамлекеттик телеканалдар керекпи деген маселени көтөрүү зарыл. Мамлекеттик каналдарды жоюп, менчикке берүү зарыл. Менчикте эркин атаандашуу болот. Анда маалымат каражаттары өнүгүп, бир жактуу эмес, бүт тараптуу маалымат элге жетип, өнүгүү болот», — деди ал.

Жайнак Үсөн уулу: «Бир дагы телеканал балдар үчүн көрсөтүү менен өзүн актай албайт. КТРК болбосо ким көрсөтөт?» — деди.

Депутат: «Сиз НТС телеканалынын директору болсоңуз мамлекеттик каналдын кереги жок деп айтмаксыз. Минтип бүгүн айтсаңыз эртең жумуштан кетесиз. Илим Карыпбеков директор болуп жүргөндө КТРКны коргоп, бүгүн башкача сүйлөп жатат», — дейт.