Калифорния штатында жайгашкан Лос-Анжелес округунун бийлиги коронавирустан улам үзгүлтүккө учураган кино тартуу иштерин 12-июндан тартып жандантууга уруксак берди. Бул тууралуу аталган округдун саламаттык сактоо департаментинин башчысы Барбара Феррер билдирген.

Феррердин айтуусу боюнча экономиканы жандантуу алкагында зоопарктардын, аквариумдардын, кемпингдердин, ошондой эле теле- жана кино тартуу иштери жандандырылат.

Жон Хопкинс институтунун маалыматы боюнча АКШда бүгүнкү күнгө карата COVID-19 илдети менен катталгандардын саны 2 миллион учурду түзсө, алардын ичинен 112 миң адам бул жашоо менен кош айтышкан.