Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу чек ара маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, сүйлөшүүдө Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланган.

«Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана Кыргыз-Казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү боюнча эки жактуу макулдашууга келишти. Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды эки тараптан колдой тургандыктарын ырасташты», — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.