Коом

Транспорт министрлигинин 12 кызматкери кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан Бишкек—Ош унаа жолу боюнча мамлекеттик дирекциянын бөлүмдөрүндөгү коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Бул схема боюнча 10-июнда коррупцияга шектелип Транспорт министрлигиндеги аталган дирекциянын башкы директору Ж.Б., ошондой эле «Сосновка» постунун башчысы Ж.К. менен «Кара-Көл» постунун жетекчиси К.С. кармалган.

«Бүгүнкү күндө аталган иш боюнча коррупцияга шектелип Транспорт жана жолдор министрлигиндеги бөлүмдөрдүн 12 кызматкери колго түштү. Келтирилген чыгым болжол менен 20 миллион сомдон ашат. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдар аныкталып жатат», – деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button