Бишкекте унаа кырсыгынан бир киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу  Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 11: 30 чамаларында Бишкектеги Орто-Сай базарына жакын Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жол кырсык катталды. Анда Мерседес Бенц менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Натыйжада Passatтын 1966-жылы туулган Х.К. аттуу  ээси жабыркап, ооруканага жаткырылган. Ал эми Мерседес Бенц унаасын 2000-жылы туулган К.А. аттуу айдоочу башкарган.

Унаалар айып төлөөчү унаа короо жайына токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат.