Буддисттердин руханий лидери Далай Лама 6-июль күнү «Inner World» («Ички дүйнө») деген аталыштагы жаңы альбом чыгарат. Альбомго музыка коштогон мантралар (ыйык дубалар) жазылган. Ушул эле күнү, тагыраак айтканда 6-июлда Далай Лама 85 жаштык мааракесин белгилейт.

Альбомду түзүү үчүн ага Жаңы Зеландиялык Жунель жана Абраам Кунин деген музыканттар жардам берген. Ассошиэйтед пресс басылмасынын билдирүүсүнө караганда Жунель Кунин мантраларды музыкалаштыруу идеясы менен Далай-ламанын командасына бир нече жыл мурда эле кайрылган.

Алгач бул идея колдоо тапкан эмес. Бирок, Кунин 2015-жылы бул сунуш менен кайра кат киргизген жана Далай-лама долбоорго катышууга кызыктар болуп жаткандыгы тууралуу натыйжалуу жооп алган.