Борбордун ачылышына Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Улан Рысбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, аялдар кеңешинин мүчөлөрү жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Аталган, Коомдук алдын алуу бөлмөсү, БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулукка каршы боюнча Башкармалыгынын каржылык жардамы менен ачылып, атайын жабдыктар, компьютер менен камсыздалды.
Бул, Коомдук алдын алуу бөлмөсүнүн максаты — айыл аймагындагы укук бузууларды алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомчулук менен биргеликте коомдук тартипти көзөмөлдөө.
Бөлмөдө аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар комитети, аймактык тескөөчүлөр биргеликте коомчулук менен иш алып барат. Жарандар укук бузуулар тууралуу кат же оозеки түрүндө кайрыла алышат.
Милициянын полковниги Улан Рысбеков, “Эл менен тыгыз иш алып баруунуну натыйжасында гана бардык кыйынчылыктардан, азыркы учурдагы оорчулуктан коронавирус илдетин жеңип чыга алабыз” – деп белгиледи.

Азыркы учурда, республиканын бардык аймагында 532 Коомдук алдын алуу борборлору ишин алып барууда. Борбордун максаты — айыл аймагындагы укук бузууларды алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомчулук менен биргеликте коомдук тартипти көзөмөлдөө.

ИИМдин басма сөз кызматы