COVID-19 аныкталган 162 адам Бишкек шаарындагы 25 конуштун жашоочулары болуп саналат. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, шаардын борбордук бөлүгүндө илдет жуккан жарандардын көпчүлүк бөлүгү кичи райондордо жашайт: 12 кичи районунда — 15 адам, Жал кичи районунда – 15 адам, Аламедин-1 кичи районунда – 5 адам, Фучик көчөсүндө – 6 адам жашайт.

Вице-мэр белгилегендей, Бишкек шаарында коронавирус менен жалпы тастыкталган учурлардын ичинен 63 жаран өздөрү кайрылгандар. Ал эми 34 учурдун булагы такталбагандыктан, Шаардык санэпидкөзөмөл борбору изилдөөнү улантып жатат. Айрым жарандар, вирусту коомдук жайлардан — базардан, соода борборлорунан, коомдук транспорт жана автобустардан жүктуруп алганын айтышкан.