Түркиянын чыгышындагы Бингёль провинциясында күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын кесепетинен бир адам каза болуп, 18 адам жаракат алган.  Бул тууралуу,  чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, жер титирөө кечээ, 14-июнда катталган. Андан 18 адам жаракат алгандыгын аталган өлкөнүн вице-президенти Фуат Октай журналисттарге маалымат берип жатып билдирген.

«Жер титирөөнүн кесепетинен жаракат алгандардын саны 18ге жетти. Алардын арасында оор абалдагылар жок«, — деп билдирген Фуат Октай.