Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу кырдаалдын контекстиндеги актуалдуу темалар, ошондой эле кыргыз-азербайжан кыматташтыгынын маселелери талкууланды.

«Үстүбүздөгү жылга пландалган бир катар эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга расмий сапарын уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Иш сапарга карата Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Г.Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушун аяктоонун маанилүүлүгү белгиленди. Бул сапардын алкагында алардын ачылыш салтанатын өткөрүү пландалган.

Мамлекеттер аралык саясий, соода-экономикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыктарды активдештирүү, тактап айтканда, жакынкы арада видеоконференция форматында тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи кыргыз-азербайжан консультацияларын өткөрүү жөнүндө макулдашуулар жетишилди», — деп айтылат маалыматта.