Кыргыз Республикасынын мурдагы Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эмгек жамааты менен жолугушту. 

Жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев биргелешкен иштин ар бир күнү жарандардын турмушун жакшыртууга жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга багытталгандыгын белгиледи.

«Социалдык-экономикалык маселелер топтолуп, ондогон жылдар бою чечилбей келген, аларды кыска убакытта чечүү мүмкүн эмес. 
 Туруктуу өнүгүү үчүн өлкөдө коомдук-саясий туруктуулук, саясатсыз экономика, анын албетте, күчтүү кадрлар керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мурдагы Өкмөт башчы Кыргызстандын келечеги кең экенин да айтты. 

«Жаратмандык натыйжаларга жетүүдө колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Президентине жана Жогорку Кеңешитин Төрагасына, депутаттарга ыраазычылыгымды билдирем», — деди мурдагы Премьер-министр. 

Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу, жарандардын кызыкчылыгы, өсүп келе жаткан муунга камкордук көрүү – бардык рангдагы жетекчилердин   ишинин негизи болууга тийиш экенин айтты. 

«Реформаларга бүгүнкү күндө  эч кандай альтернатива жок. Биз өлкөнүн бардык ресурстарын жана мүмкүнчүлүгүн экономикалык маселелерди чечүүгө гана жумшашыбыз керек. Системалуу өзгөрүүлөргө алып барган иштер уланарына ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады.