Индия менен Кытай мамлекетинин ортосундагы талаш-тартыш жаратып келе жаткан чек арада болуп өткөн куралдуу кагылышуулардын натыйжасында Индия тараптын эки жоокери жана бөлүм командири шейит кеткен.

Индия армиясынын өкүлү билдиргендей аталган инцидент 15-июнь күнү кечке маал Галван өрөөнүндө болуп өткөн. Кытай бийлиги индиялык жоокерлерге чек араны бузган деген кине коюуда. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү бүгүн жеринде жолугушкан.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-6-майында Пангонг Цо көлүнүн аймагында болуп өткөн аскердик куралдуу кагылышуулардан соң Индия жана Кытай мамлекеттери Ладакх облусуна бир катар аскер бөлүктөрүн киргизген. Индиялык ММКлардын маалыматы боюнча кытай аскерлери Галван дарыясынын боюна чатыр тигип, курулуш иштерин баштагандан кийин эки тарап тең өз аскер контингентин күчтөндүрүү аракети менен алек болушууда.