Коом

Чукул кабар: «Мегакомдун» кызматкерлеринен коронавирус аныкталды

“Мегаком” байланыш компаниясында коронавирустун ири очогу катталды. Бул тууралуу Медиа ценрт сайты ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты. Маалыматка ылайык, аталган компаниянын кызматкерлери коронавирус жуктуруп алган экен.

Массалык жугузуп алуу фактысын компаниянын башкы директору Акылбек Жамангуловдун жашырып жатканы жана ал кызматкерлерин эмгек өргүүсүнө чыгуу боюнча арыз жазууга мажбурлап, бул маалыматты ким ачыкка чыгарса кызматтан алынаарын билдирип опузалаганы чынбы? Бул кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, өзүнүн алдындагы кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтирүү жана вирусту жашыруу болуп саналат эмеспи?

Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгон 37 кызматкерди эмгек өргүүгө чыгуу боюнча арыз жазууга мажбурлап жатканычы? Окуяны Республикалык штабдан да жашырып жатышканы —  мамлекеттик саясатка каршы чыккандык болуп саналаары бышык го? Бул боюнча компаниядан расмий жооп күтөбүз.

Булак: Медиа центр сайты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button