Музыкант жана жазуучу Жеймс Боуэн өзүнүн дүйнө окурмандарына белгилүү бир нече китебинин чыныгы каарманы болуп келген Боб аттуу мышыгынын өлгөндүгү тууралуу билдирди.

Анын айтуусу боюнча мышык 15-июнь күнү 14 жаш курагында өлгөн. Чыккан китептер менен тартылган көркөм тасмалардан улам Боб миңдеген адамдар менен таанышып, миллиондогон адамдарга жагымдуу таасир эткен.

Боб аттуу бул белгилүү мышыкты Боуэн 2007-жылы көчөдөн таап алган. Белгилей кетчү нерсе, аталган мышык тууралуу «Көчө мышыгы — Боб», «Дүйнө Бобдун көзү менен», «Боб аттуу мышыктын белеги», «Боб жардамга ашыгат» аттуу балдарга арналган китептер жарык көрүп, бир эле Улуу Британиянын өзүндө миллиондогон нуска менен сатылган. Ал эми 2016-жылы мышык тууралуу «Боб аттуу көчө мышыгы» деген көркөм тасма тартылган.