Жеңиштин 75 жылдыгына карата Москва шаарынын Кызыл аянтында өтчүүчү парадга катышуу үчүн 12 өлкөдөн аскер бөлүктөрү барган. Бул тууралуу жер үстүндөгү аскер бөлүктөрүнүн башкы командачысы жана парад жүрүшүн башкаруучу Олег Салюков билдирген.

Анын айтуусу боюнча аскерлер Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдавия, Монголия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен барышкан.

Белгилей кетчү нерсе, 24-июн күнү Кызыл аянтта өтүүчү бул парадга 13 миң аскер катышып, 234 заманбап аскердик техника, ошону менен бирге «Терминатор» танкаларынын жаңы түрлөрү, «Бук-М3» зениттик-ракеталык комплекстер, согуштук учактар жана тик учактар ж.б. техникалар тартылат.