Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүк курам каралууда.

Анда депутат Камчыбек Жолдошбаев бул маселени түшкө чейин бүтүрүүнү сунуштады.

 «Эми чынын айтканда, 17 киши сүйлөдү. Баары эле мактап жатышат. Колдон келсе түшкө чейин бүтүрүп, жөнөтөлү. Мага депутаттар келип, ушул сунушту айтыңызчы деп суранышты», — деди ал.

Ал эми, депутат Рыскелди Момбеков кошомат кылууну токтотуу керектигин айтты.

«Ушундайды токтотпойлубу. Сизден ким суранды айтып коюңузчу. Кышында бир жолу жалпы парламентти уят кылдыңыз. «Балдарыбыз үшүп жатат, жыйынды аяктайлы» деп, азыр эмне балдарыңыз ысып атабы? Эми мактагандар сүйлөсө, сындай тургандарга да сөз бергиле да. Кошомат кылып жүрүп Абылгазиевди кетирдиңер. Качанга чейин ушинтесиңер?», — деди ал.

Жыйынтыгында депутаттар Камчыбек Жолдошбаевдин сунушун колдошту.