Бизде саясатта жаңылыктар ар кандай өңуттө болуп турат. Мисалы акыркы маалыматтар боюнча айтсак, ден соолугу күтүүсүз начарлап кеткен Болот Шер бүгүнкү күнү өзүнө келип, жакшы болуп калды. Бирок анын ден соолугунун кескин начарлап кетишине «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмурбек Текебаев себепчи болгон деп саясий чөйрөдө ушак башталды. «Ата Мекенге» шайлоо аз калганда эле ар ким, ар кошкондорду ала берип, мурунку ветеран мүчөлөр сыртта калып калышат, Өмүрбек болсо партияны жеке кызыкчылыгына пайдаланат» деген таризде эки-үч күн маанайын түшүрүп жатып, илдетин күчөтүп алган дешип ак үй ичи ушактын сазайын берип жатат.