Орусиянын Соль-Илецк чек ара өтмөгүндө турган 60 га жакын Кыргызстандын жарандары кыйын абалда калганын айтып жатышат. Алар кыргыз дипломаттары казак бийлигине кат жолдоп берүүсүн өтүнүшүүдө. Бул тууралуу Россияда окуп, иштеген мекендешибиз Калыйнур Калмурза уулу билдирди.

Мекендештердин топтолгонуна 15 күн болуптур. Арасында боюнда бары, жаш балдары бар үй-бүлөлөр бар экен. Бир келин 3 күндөн бери угроза болуп жатат анданда кабатыр болудабыз дейт. 60ка чукул жеңил унаа ар кайсыл жерде токтоп, адамдар көпүрөлөрдүн алдында жашап жатканын билдиришти.

Талаага жаткандыктан 2 адамды жылан чагып алган. Айрым адамдар ден-соолуктары начарлап, эс учун жоготуп койуп жатат дейт чек арадагы жигит.

Акчаларыбыз түгөнүп тамак-аш сатып алууга болбой калды, дүкөн алыс, нан-сууга жетпей жатабыз дейт. Эгер арабыздан кокус бир адам кайтыш болсо, бул өтө кечирилгис иш болот дейт алар. Арасында жаш балдары Кыргызстанда калып, мекенине жете албай куса болгон энелер бар.

Казакстандын Президенти Жоомарт Токаев чек ара боюнча мыйзамга толуктоо киргизген. Анда дипломатиялык макулдашуулар менен чек арадан өтүүгө болот деп баса белгилеген. Учурда чек арадагы кыргыздардын абалын түшүнгөн казак тарап кыргыз бийлиги дипломатиялык кат жолдосо чек арадан кыргыздарды автобус менен алып өтүүгө макулдугун берерин билдирген. Бирок, биздин дипломаттар бир дагы кат жолдой элек.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековко мигранттар келсе көтөрүлүш кылат деген маалымат жеткен. Ошол себептен биздин үнүбүздү эч ким уккусу жок дейт алар. Үнүбүздү уккан күндө да Президент айтты деп коркуп, казак тарапка кат жолдоого бир дагы бийлик өкүлү батынбай жатканын билдиришти. Элчи, консул, эч ким үндөбөй отурат. Бир канча депутаттарга кайрылдык алардан да кабар жок дейт алар.