Жайкы туристтик мезгил башталгандыгына байланыштуу, облустун аймагында автоунаалардын саны кескин түрдө көбөйүп, бул учурда жол кыймылынын коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылуу иштери талап кылынууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБы боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облустук ИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн курамы тарабынан жалпы жол кырсыктарынын санын жана анын оор кесепеттерин алдын алуу жана кыскартуу, унаа каражаттарынын айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурларынын санын азайтуу максатында, жол кыймылынын коопсуздугу багытындагы профилактикалык мүнөздөгү “Ылдамдык”-“Руль башкаруу” (Скорость-За рулем) аталыштагы рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Аймакта катталган жол кырсыктарына терең талдоолор жүргүзүлүп, талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй жол кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү кечки жана түнкү учурларда болуп жаткандыгын эске алып, кызмат өтөөдө түнкү учурларга басым коюулуп күчөтүлгөн тартипте өтүүдө.

Иш-чараларды жүргүзүү учурунда, тагыраагы 2020-жылдын июнь айынын 10нан бүгүнкү күнгө чейинки аралыкта жол эрежесин одоно бузган жалпы 847 айдоочу аныкталып, бузуулар тууралуу протоколдор түзүлдү, анын ичинен: — мас абалында автоунаа башкарган 39 айдоочу; – ылдамдыкты ашырып айдаган-543, — автоунаа башкарууда тиешелүү документтери жок-21, — автоунаалардын терезелерин карангылатып айдаган-8, — автоуунааны мамлекеттик белгиси жок башкарган — 5, Ошондой эле, жол белгилерине баш ийбеген – 38 жана башка жол 193 жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Ал эми 43 автоунаа унааларды атайын токтотуучу жайга токтотулду.

Азыркы кырдаалга жараша жол тескөөчүлөр айдоочулар менен жүргүнчүлөр арасында коронавирус илдетинин жайылып кетишине жол бербөө максатында санитардык нормаларды жана жеке коопсуздукту сактоо боюнча сунуштарын берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мындай жол кырсыктарын алдын-алуу багытындагы рейддик иш-чаралар облустун баардык аймактарында жайкы туристтик мезгил учурунда, жол кырсыктарынын анализинин негизинде байма-бай уюштурулуп турмакчы.