1290478 17.11.2012 Пассажиры поезда "Ташкент - Москва", прибывшего на Казанский вокзал, на платформе. Илья Питалев/РИА Новости

 Москвада белгисиз жаран кыргыз жарандарын, аларды Кыргызстанга кетип жаткан жарандардын тизмесине киргизем деп убада берип, акчасын алып, дайынсыз жоголуп кеткен. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.


Маалыматта айтылгандай, акча алган жаран, анын тууганы элчиликте иштеп жатат деп ишендирген. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын үч жараны 54 миң рубль жоготуп алышкан. Тергөө чаралары көрүлүүдө.

«Бардык аныкталган фактылар боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлөт. Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тизмеге киргизүүгө байланыштуу бардык коррупциялык иш-аракеттер катуу токтотулат, күнөөлүүлөр Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат ”, — деп билдиришти элчиликтен.