Эгерде июль айынын ортосуна чейин Бишкекте коронавирустук инфекциянын азайышы байкалбаса, анда шаар жабылат. Бул тууралуу  мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал, бул анын жеке пикири экендигин баса белгиледи. «Ооругандар көбөйүүдө. Адамдар санитардык талаптарга жооп бербейт. Биз бул чынжырды бузушубуз керек ”,- деди Балбак Түлөбаев.

Белгилей кетсек, бул аппарат башчысынын биринчи билдирүүсү эмес. Буга чейин ал кырдаал начарлап кетсе борборду жабабыз деп айтканы бар. Бирок, премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, азырынча Борбор калаага чектөө киргизүү тууралуу пландар  жок.

Акыркы маалымат боюнча, өлкөдө вирус жуктургандар 3 миң 519, Бишкек шаарында 1 миң 242 учур катталды.