Нарын райондук ички иштер бөлүмү боюнча  ЖККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги Ырыскелдиев Улан Шаршембекович  эмгек жолун Нарын ОИИБнын  кайгуул күзөт кызматынан баштаган. Ортодо 2016-2017- жылдары түзүлгөн патрулдук милиция кызматына өткөн соң, учурда азыркы кызматын аркалап келет.

Улан мырза, өткөн жылдын жыйынтыгы менен мыкты кызматкер аталдыңыз. Мыкты болуш үчүн кандай сапатка ээ болуш керек?

-Мыкты кызматкер болуш үчүн, эң башкысы талыкпаган эмгек керек. Астыңа коюлган ишти так, туура жана өз убактысында аткарганга умтулуп, жалкоолукту таптакыр жоюш керек. Негизи адам баласында жалкоолук же эринчек десекпи, айтор кыла турган жумушуңду кийинкиге  калтыруу жолтоо гана болот деп ойлойм. Анткени, ошол жумушубузду анан кылам деп коюп, унутуп да калабыз. Анын жыйынтыгында жумуш аткарылбай калып калат. Андан тышкары мыкты кызматкер болуш үчүн ата-энеңдин, бир туугандарыңдын жана үйдөгү келинчегиңдин да колдоосу болуш керек. Маселен, мен мыкты кызматкермин деп өзүмдү-өзүм чыгарган жокмун, жетекчилик жактан аткарып келген ишиңе баа берүү менен таразаланып, анан ыйгарышса керек. Андан тышкары эл менен жакшы мамиледе болуп, кесиптештердин да колдоосу менен ар качан мыкты жетишкендиктерди жарата алабыз деп ойлойм.

Учурдун көйгөйү болгон жол кырсыктарын кантип алдын алып азайтса болот?

-Учурда болуп жаткан жол кырсыктарына жарандар өздөрү күнөөлүү болуп жатышат. Анткени, көпчүлүк айдоочулар же жөө жол кесип өткөн адамдар, жол эрежелерин таптакыр сактабай келет. Атайын ылдамдык чектелген жерлерде эрежени сакташпай катуу ылдамдык менен айдашат. Ошол эле убакта жөө жүргүнчүлөр жолду кесип өтүүдө атайын өтүүчү жерден өтпөстөн, каалаган жеринен өтүп жатышат. Жол кырсыгынын алдын алыш үчүн ЖККББнын кызматкерлери тарабынан мектептерде дайыма жол эрежеси боюнча сабактарды өтүп келебиз. Бирок бул аздык кылып жатат, бизге жардам иретинде ата энелер балдарына тарбия иретинде  жардам берсе жакшы болмок. Маселен, үйдөгү киченекей бала ата-энесин көрүп, аларга карап түздөнөт эмеспи. Жолду кесип өтөөрдө же машинеде балдары менен кетип бара жаткан убакта балдарынын көзүнчө жол эрежесин бузушуп, анан ошол кылган кылыгы үчүн ЖККББнын кызматкерлерине кармалып, анан айып пул төлөшсө балдары бизди жаман көрүп калат. Мындайча айтканда чоңдордун мындай кылыктары машинада чогуу отурган жеткинчек баланын тарбясына же келечегине туура эмес тарбия болуп жатат. Кийин ошол бала чоңойгондо ал дагы атасындай болуп жол эрежесин бузуп, кырсыкка кабылып, ар кандай мыйзамсыздыкка баруусу мүмкүн. Анан дагы бир көйгөй, бул жеке авто мектептердин  жаңы айдоочуларга берген билим деңгээлинин төмөн болушу. Эптеп эле окутушуп, айдоочу күбөлүктү берип коюшат. Жол кырсыгына кабылгандардын көпчүлүгү жаш айдоочулар жана мас абалдагы авто унаа башкаргандар.

-Сиз тейлеген аймакта эмне көйгөйлөр бар?

-Биздин аймак тоолуу район болгондуктан көп эле көйгөйлөр жаралып турат. Эртең менен кызматка келгенден баштап, аймагыбыздагы жол тилкесинде кайсыл жерден таш кулап, кар басып же жол белгилери кандай абалда экендиги, жолдун тайгак же тайгак эместиги   текшерилип анан иш башталат. Деги эле Нарын жергеси тоолуу болгондуктан кышкысын мындай көрүнүштөр көп эле кездешип турат. Майрам учурунда жана мектеп окуучулар жана студенттердин каникул убагында, жолдо жүргүнчүлөр көбүрөөк болгондуктан биз күчөтүлгөн тартипте иштейбиз. Жол кырсыктарын болтурбоо үчүн бизге караган коркунучтуу жол аймактарын көзөмөлгө алып, жол белгилери жабыркаган же тайгак жерлерде күзөт кылып, тиешелүү мекемелерге көрсөтмө берип, жол кырсыгын алдын алып турабыз. Башында айткандай тоолуу район болгондуктан кээ бир учурларда астыбыздагы авто унаабыз талаптарга жооп бербей калат. Азыркы бизге караштуу авто унаабыз шаар ичиндеги түз жолдорго ылайыгы келгендиктен, тоолуу райондогу алыскы аймактарга барганда, кар калың болуп, күрткүлөрдө жүрө албай  же таштуу жолдордо кыйналган учурлар кездешет. Көбүнчө жолдо ылдамдыкты чектеген учурларда “жолтандабас” авто унааларды айдагандар жол эрежесин көп бузушат. Алардын артынан кууп барып, аларга карата чара колдонууга биздин авто унааларыбыздын күчү жетпейт. Эми убакыттын өтүшү менен мамлекетибиз жакшы жактарга өзгөрүлүп келе жатпайбы. Мына жакында милиция кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлдү. Келечекте дагы жакшы жакка оойбуз деген үмүттөбүз.

-Ички иштер органдарында иштеп жүрүп, эмне таптыңыз, эмне жоготтуңуз?

-ИИО кызматына киргенден баштап, көп нерсе таптым деп айта алам. Эң биринчиси жашоодогу такшалгандык болду. Көптөгөн жолдош-досторду, жакшы акыл-насаатчыларды таптым. Мекенге деген патриоттук сүйүүм күчөдү. Жөнөкөй адамдын көзү көрө албаган жашоодогу терс көрүнүштөрдү милиция кызматкеринин көзү менен көрүп, жашоонун ак жана кара жагын түшүнө билдим десем жаңылышпайм. Ал эми милиция кызматына киргенден баштап жоготуум бул ден-соолук болсо керек. Азыркы абалым Кудайга шүгүр жакшы, бирок кээ бир учурларда колу буттун муундары какшап ооруп калгансыйт. Милиция кызматкерлери элдин тынчтыгын сактайм деп жүрүп, күндүн ысык-суугуна карабай көчөдө, талааларда жүрө беришип көпчүлүктөрүнүн ден-соолугуна көбүрөөк зыян келип калат окшойт.

-Жеке турмуш, үй-бүлө жөнүндө айта тургандарыңыз бардыр?

-Өзүм жөнүндө айтсам,  беш бир тууганбыз.  Эки баланын атасымын, уул жана кызым бар. Келинчегим экөөбүз балдарга жакшы тарбия берип өстүргөнгө аракеттенип келебиз. Келинчегим жөнөкөй эле милиция кызматкеринин жубайы. Баарына белгилүү болгондой милиция кызматкерлеринин жубайлары жолдошторунун жумушунан келээрин күтүү менен эле күндү кеч киргизет эмеспи. Ушу жөнүндө айтып жатып бир башыман өткөн окуя эсиме келди.

Мен кайгуул милицияда иштеп жүргөн кезим. Жаңы эле иш убактысы башталган учурда «Тоодо өрт чыгыптыр»-деп, баардык милиция кызматкерлери машинага түшүп жөнөп калдык. Күздүн күнү болгондуктан, Нарын  дайрасынын айрылыш жеринде куурап калган чөптөрдөн  улам «Бугу» корук жайында өрт чыгып, тоонун бетиндеги арча кайыңдын баары өрттөнүп жатыптыр. Барсак бир чоң тоонун бети күйүп жатыптыр. Өрт ал тоону ашып кетсе, андан ары күйүп «Кум-Төргө» карай бет алмак экен. Биздин максат өрттү тоодон ашырбай өчүрүп калуу эле. Эгер күйүп жаткан өрттү өчүрбөсөк, канча деген гектар арча кайыңдар жана коруктагы жаныбарларга чоң зыян келтирилмек. Бизден башка дагы көп күч түзүмдөрү барышыптыр. Биздин  взвод бактарды кыркып, жерди казып, тилсиз жоого каршы күрөшүп баштадык. Кечке чейин иштейбиз, кечинде баарыбыз чарчап калабыз, кечки тамактан кийин тыгылып кырыбыздан  боз үйгө жатабыз. Тамак аш жагы жайында эле болуп жатты. Андан тышкары жергиликтүү эл биз үчүн колунан келгенин аяшкан жок. Бир гана жери шашылыш алып кеткендиктен жылуу кийим албай, көпчүлүгүбүз үйлөрүбүзгө кабарлаганга жетишпей калганбыз. Ал жерде телефон тартпайт экен. Үч күндөй өрт менен күрөштүк. Эгер отко алыбыз жетпей баратса Казакстандан өрт өчүрүүчү вертолёт чакырганга туура келип калмак. Бирок ага жеткирбей өрттү толугу менен өчүрдүк. Жергиликтүү калк бизге чоң ыраазычылыгын билдиришти. Өрттү толугу менен өчүрүп кайра Нарынга кайтканыбызда, ОИИБге келсек бизди көргөн кишилердин баары эле күлүшөт. Үч күн формачан от менен күрөшө берип, кебетебиз укмуш эле болуп калыптыр, согуштан келгендей эле болуптурбуз. Жана башында айткандай үйгө телефон чалып дайыныбызды билгизгенге жетишпей калгандарыбыздын  келинчектери, ата-энелери ОИИБга издеп келе башташыптыр «Күйөөм же балам жумушка кеткен бойдон үйгө келе элек»-деп. Муну менен эмнени айткым келип жатат, биздин милиция кызматкерлеринин жумушуна чыдап, бар-жогубузду жоктотпой балдарыбызга атанын да,  апанын да тарбиясын бирдей берип, дайыма эртеби-кечпи жумуштан бизди күтүп жүргөн апалар менен жубайларыбызга «Таазим!» дейт элем.

Данислан Асамидинов, сүрөттөрү автордуку