“Абал курч, акыркы жумада ооруп калгандардын саны тез өсүп кетти, ушуга байланыштуу ССМ тарабынан кошумча иш-чаралар аткарылып жатат. Бишкек, Чүй облусунда оорунун саны тез өсүүдө, ар бирибиз бири-бирибизге түшүндүрүп айтышыбыз керек, максатсыз көчөгө чыкпаңыздар, эл көп жерге барбаңыздар, сөзсүз беткап кийип, колду бат-баттан жууп туруңуздар. Ар бир адам жоопкерчилик менен санитардык нормаларды сактоого тийиш”, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев.

Ошондой эле мобилдик топтордо кырдаал чыңалгандыгын белгиледи. Республика боюнча алардын саны 649, борбордо нормативдер боюнча 106 талап кылынат, бирок алардын саны 38. Ал эми эки тез жардам акыркы жумада жол кырсыгынан улам бузулган.