Жооп: “Биринчи жолу ПЧР-анализ тапшырганда жыйынтыгы таза чыгышы мүмкүн, себеби алгачкы 5 күндүн ичинде адамдын ден-соолугу вирус менен өзү күрөшөт. Ал эми 12-14 күндөн кийин кайрадан кайталап алынган анализде оору бар болуп чыккан учурлар кездешет. Бул адамдын иммунитетине байланыштуу. Эгер клиникалык белгилер бар болуп, бирок ПЧР-анализ терс чыкса, адам санитардык нормаларды сактап, иммунитетин жакшыртышы керек. Ошондуктан биринчи жолку ПЧР-анализдин жыйынтыгын 100 пайыз таза деп айтууга болбойт”, — деп белгиледи Саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев.