Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Корея менен Вьетнамдан Кыргыз Республикасынын 42 жараны кайтып келди.

Алар бүгүн, 24-июнда, «T-way» авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча чартердик рейси менен учуп келишти. Бул рейс Кыргызстандын жарандарын Корея Республикасынан жана Кореянын, Япониянын жана башка өлкөлөрдүн жарандарын Кыргызстандан алып чыгарып кетүү үчүн Корея тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулулган.

Учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн, чет мамлекеттердеги кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу жолдорун жана каттамдарын издөө, анын ичинде өнөктөн-өлкөлөрдүн кызматташуусунда кайтаруу жолдорун издөө улантылат.