Орусия президенти Владимир Путин кирешеси 5 миллион рублдан (72,700 доллар) ашкан жарандарга салыкты азыркы 13 пайыздан 15 пайызга көтөрүүнү сунуш кылды. Конституциялык өзгөртүүлөр боюнча реферундумга бир жума калганда жасаган кайрылуусун президент Путин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштырды.

Анын айтымында, муну менен жылына 60 миллиард рублга (864.6 миллион доллар) көбүрөк салык чогултулат. Бул каражатты сейрек илдеттерге кабылган балдарды дарылоо жана медициналык техника сатып алууга жумшоо сунуш кылынды.

Киреше салыктын азыркы 13 пайыздык чеги 2001-жылы Путиндин биринчи президенттик мөөнөтү учурунда киргизилген. Ошондон бери өзгөртүлгөн эмес.

Пандемия маалында жумушсуз калгандарга колдоо көргөзүү өңдүү бир топ социалдык маселелерди козгогон кайрылуусун Путин калкты 1-июлдагы референдумга катышууга үндөө менен аяктады.