Франциянын Президенти Эммануэль Макрондун оюу боюнча Түркиянын Ливияда жүргүзүп жаткан саясатынын арты жакшылык менен бүтпөйт. Бул тууралуу ал Тунис өлкөсүнүн Президенти Каис Саид менен болгон биргелешкен пресс-конференцияда билдирген.

Француз лидери Түркиянын Ливиядагы аракеттери Берлинде өткөн эл аралык конференцияда кабыл алынган милдеттемелерге карама-каршы келерин белгилеген.

Белгилей кетчү нерсе, учурда Ливияда Фаэс Саражждын Улуттук макулдашуу өкмөтү менен Халиф Хафтар командачылык кылган Улуттук Ливия армиясынын ортосунда куралдуу кагылышуулар болуп келе жатат.