Гиннестин рекорддор китеби жер үстүндө жылып жүрүүчү жана аял киши тарабынан башкарылган аппараттардын ылдамдыгы боюнча жаңы дүйнөлүк рекордду каттады. Ал 2019-жылдын 27-августунда Жесси Комбс тарабынан ишке ашырылган.

Рекорддук көрсөткүчтү ишке ашыруу үчүн Жесси Комбс өз реактивдүү автоунаасын Орегон штатындагы белгилүү Алворда чөлүндө айдаган жана ал башкарган автоунаанын ылдамдыгы саатына 841,338 километрди түзгөн.

Тилекке каршы, рекорд коюу учурунда болуп өткөн автокырсыктын натыйжасында Жесси Комбс каза болгон. Ал ошол учурда бар болгону 39 жашта эле. Херни округунун шерифи тарабынан өткөрүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө кырсык алдыңкы дөңгөлөктүн механикалык жабыркоосунан улам келип чыккан.

Белгилей кетчү нерсе, Жесси Комбс спорттук оюндар боюнча телевидениеде алып баруучу болуп иштөөчү жана спорттун экстремалдуу түрлөрүнө катышканды жакшы көрчү.