Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 7
• Ош ш. – 3
• Ош облусунда – 1
• Чүй облусунда – 9
• Талас облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 669 учур катталды, алардын ичинен 403 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.