2020-жылдын 8-июнунда Кыргызстанда «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча ички каттамдар башталган. Өлкөнүн «Манас» жана «Ош» башкы аэропорттору жүргүнчүлөрдү күнүнө эки жолу тейлешет.

Аэробекеттердин кире беришинде бардык жүргүнчүлөрдүн температурасы ченелет, документтери жана авиабилеттери бар экендиги текшерилет. Адамдарды бирден өткөзүшөт.

Аэропорттордун аэробекеттик комплекстеринде сантитайзерлер жана маалыматтык табличкалар илинген, аралыктын сакталышы үчүн белгилер бар. Аэропорт кызматкерлери медициналык кол кап жана беткап кийип жүрүшөт.

«МЭА” ААК коронавирустук инфекцияны жуктурууну алдын алуу максатында КР Республикалык штабдын бардык талаптарын аткарып жатат. «МЭА» ААК кызматкерлери алгоритм боюнча иштеп, Бишкекке учуп келген жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөөдө. Ошондой эле Ош шаарынан учуп келгендерге дагы санитардык көзөмөл жүргүзүлөт.

Оорунун белгилери табылган жүргүнчүлөр үчүн атайын изолятор каралган. Кире бериште атайын туннелдер коюлган. Аэробекетке жүргүнчүлөр гана киргизилет. Күнүгө бир нече жолу жыйнап-тазалоо иштери жүргүзүлүп, жүргүнчүлөр менен байланышта болгон бардык негизги жерлер дезинфекцияланат.

Эскерте кетсек, «МЭА» ААК аэропорттору Кыргызстанга ӨА жана ӨК тартиби киргизгенден кийин үзгүлтүксүз каттамдар толугу менен жабылган. Болгону чартердик жана жүк ташуучу каттамдар гана аткарылып келген.