Коом

Британиялык медиктер коронавирустун түбөлүк кала турчу кесепеттери тууралуу айтып чыгышты

Британиялык окумуштуулардын айтуусу боюнча COVID-19 илдетин жуктуруп алган адамдардын ден соолугуна коронавирустук инфекция «өлбөс-өчпөс» из калтырат. Башкача айтканда, COVID-19 илдети менен жабыркап айыккан ар бир үчүнчү адам өмүр боюу өпкө көйгөйүнө, өнөкөт чарчоо сезимине жана психиканын бузулуусуна дуушар болот. Мындай билдирүүнү The Daily Teleraph басылмасы тараткан.

Британиялык врачтар инфекциядан айыккан бейтаптардын 30%да өпкө фиброзу келип чыгаарын белгилешкен. Ошондой эле коронавирустан айыгып кетишкен пациенттердин жарымы физикалык, когнитивидик жана психологиялык бузулууларга дуушар болоору аныкталган.

Медициналык кызматкерлердин айтуусунда, тилекке каршы оорунун бар экендигине ишенбеген адамдардан улам коронавирус дүйнө жүзүнө чагылгандай тездик менен жайылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button