Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 8 миң 31 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 306 учур катталган. Ал эми 89 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жанданткан.

Өзбекстанда санитардык-эпидемиологиялык абал оор болуп турган өлкөлөрдөн келген жарандарга өз эсебинен мейманканаларга карантинге жайгашуусуна уруксат берилди.