“RЕ aкция 3.0” аталышындагы, сөз эркиндиги үчүн жарандык тынчтык акциясы өтүүдө. Активисттер Эркиндик бульварындагы темир жол бекетинен Ак үйгө чейин жүрүшөт.

Акцияга 100гө жакын адам чыккан, алардын арасында саясатчы Өмүрбек Текебаев, ырчы Зере, активисттер жана коомдук ишмерлер бар.

Эскерте кетсек, тынчтык жүрүшкө Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова демилгелеген “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” чуулгандуу мыйзам долбоору себеп болгон.

 Белгилүү болгондой, 25-июнда Жогорку Кеңеш үч окууда мыйзам долбоорун колдогон.