Президент Сооронбай Жээнбеков «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, мыйзам ушул жылдын 21-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын медицина кызматкерлерине, анын ичинде өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абал киргизилген учурларда иштегендерге кепилдик жана компенсация белгилөө максатында иштелип чыкккан.


«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзам 11-1-берене менен толукталган. Анда ӨА жана ӨК шарттарында медиктерди жашаган жеринен иштеген жерине чейин жеткирүүнү уюштуруу, кесиптик милдеттерин аткарууда жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу жана талаптагыдай эмгек шарттарды түзүү милдеттендирилген.

Ошондой эле беренеде эпидемиологиялык кырдаалда ден соолугун тобокелге салып иштеген медиктерге төрт маянанын көлөмүнөн кем эмес компенсация төлөнөрү каралып жатат.

Кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып жаткан медицина кызматкерине ээлеп турган кызмат орду боюнча 10 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

Ак халатчан ӨК жана ӨА шарттарында кесиптик илдетин аткарууда оорунун кесепетинен каза болгон учурда анын үй-бүлөсүнө 20 орточо жылдык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөк пул берилет.


Эгерде медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда ал үчүн андан ары иштөө мүмкүнчүлүгүн же болбосо көрсөтүлгөн жагдайларда ооруларга чалдыккандан кийин бир жыл өткөнгө чейин жокко чыгарган ооруларга чалдыкканда, ага бир жолку акчалай жөлөк пул төлөнөт.

Ошондой эле бир жолку акчалай жөлөк пулдардын суммасы саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөрү белгиленген.

Кабыл алынган мыйзамдын 11-1 беренесинин жоболорунда жеке жана аралаш менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине, эгерде алар ушундай шарттарда ишке тартылган болсо толук колдонулат деп айтылган.



Ошондой эле «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесине өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Анда саламаттык сактоо тармагынын мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары өз эсебинен медиктердин кесиптик ишине байланыштуу эмдөөгө жана оорудан дарыланууга кеткен чыгымдарын төлөйт. Ошондой эле милдеттүү түрдө мезгилдүү медициналык кароолорду өткөрүүнү камсыз кылат.