Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 10 млн 154 миӊ 984 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 502 миӊ 48 адам каза болду.

Коронавирус жуктурган бейтаптардын саны боюнча алдыңкы 10 өлкө:

  • АКШ – 2 549 069 (каза тапкандар – 125 803);
  • Бразилия – 1 344 143 (57 622);
  • Россия – 640 246 (9 152);
  • Индия – 548 318 (16 475);
  • Улуу Британия – 312 653 (43 634);
  • Перу – 279 419 (9 317);
  • Чили – 271 982 (5 509);
  • Испания – 248 770 (28 343);
  • Италия – 240 310 (34 738);
  • Иран – 222 669 (10 508).