Премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөт мүчөлөрү бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант беришет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бирок өкмөттүн айрым мүчөлөрү ант берүү аземине катыша албайт.

Алардын катарында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бар, анын коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЦР-анализи илдет бар экенин көрсөткөн.

«Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат жана өзүн жакшы сезип калды. Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен контакттык байланышта болгон жактар катары обочолонуп иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.