Кийинки максатыбыз — бюджеттин аткарылуусун камсыздоо, — деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, КР Жогорку Кеңешинин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып жатып.

Анын айтуусунда, бизнеске болгон административдик басымды азайтуу жана адамдык факторду жокко чыгаруу үчүн фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруу керек.

«Бул процессти тездетип, толугу менен киргизүү талап кылынат. Товарлардын көмүскө айлануусун жана мыйзамсыз ишкердикти кыскартуу максатында электрондук счет-фактуралары, онлайн контролдук кассалык машиналары киргизилүүдө. Бул багыттагы иш-аракеттер кечиктирилбей, өз мөөнөтүндө аткарылышы керек. Кийинки этапта товарларды маркирлөө жана алардын айлануусун көзөмөлдөө системалары ишке кирет», — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчынын айтуусуна караганда, аны менен катар азыркы учурда өкмөт бизнестин ишин тескөөдө жаңы, учурдун талабына ылайык кадамдарга барууга милдеттүү.

«Экономикалык жоготуулардын ордун толтуруп, кырдаалды калыбына келтирүү үчүн бизнестин үнүн угуп, ишкерлерди колдоо керек. Мен акыркы мезгилдерде бизнестин өкүлдөрү менен видеоконференция өткөрдүм, айрымдарын кабыл алдым. Ишкерлердин учурдагы көйгөйлөрү тууралуу толук маалыматым бар. Бизнес менен болгон жолугушууда айтылган, тез чечүүнү талап кылган жагдайларды Өкмөт мүчөлөрүнө айта кетейин. “Көмүскөдө иштеп жаткан бизнести легалдаштыруунун начарлыгынан улам, салыктын жүгү ак ниет иштеп жаткан ишкерлерге гана артылууда” деген кайрылуу болду. “Укук коргоо органдары жана соттор эффективдүү коргоочу жана адилеттүү арбитр катары толук кандуу иштерди камсыздай албай жатат. Буга байланыштуу ишкерлер жана инвесторлор эл аралык арбитражга кайрылууга аргасыз болууда” деген дооматтар айтылды. Азыр бардык бийлик органдары өлкөнүн экономикалык потенциалын сактап, аны өнүктүрүү максатында бизнести колдошу абзел», — деп баса белгиледи Жээнбеков.