Акыркы күндөрдөгү кырдаалды эске алып, ооруканаларда кошумча орундар даярдалды. Республикалык штаб ооруга чалдыккандарды кабыл алуу, дарылоо, консультация берүү ишин ыкчам уюштурууга, жөнгө салууга милдеттүү экенин эске салам. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында билдирди.

«Урматтуу мекендештерим, Өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги менен катар жарандарыбыздын жоопкерчилиги да азыркы учурда чоң мааниге ээ. Үй-бүлөбүздүн, жакындарыбыздын, өзүбүздүн жана элибиздин ден соолугу үчүн ар бирибиз жоопкербиз. Калкыбыздын ден соолугуна кайдыгерлик кылып, элге душмандык кылбайлы. Айрым мекендештерибиз, аткаминерлер массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташты. Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык!

Март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларынын, башка тийиштүү кызматкерлерибиздин күн-түн дебей кылган мээнетине жасалган кыянатчылык! Бардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого бар күч-аракетин жумшап жатса, эч кимди көзгө илбей той өткөргөндөрдө уят-сыйыт, элди сыйлоо деген сезимдердин болбогону өкүндүрөт. Акыркы убактарда дал ушул массалык иш-чаралардан инфекция жугузгандар көбөйүп жатат.

Республикалык штаб, жергиликтүү бийлик мындай жосунсуз жоруктарды көрмөксөн, укмаксан болгонго акыңар жок! Тиешелүү талаптарды сактабагандардын баарына мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керек. Республикалык штаб абалдын оорлошуп баратканына себепкер болгон мындай салтанат-тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын карап чыгууга мезгил жетти. Ар бирибиз жоопкерчилик менен аң-сезимди өзгөртпөсөк — илдетти жеңүү мүмкүн эмес»,-деди президент.