Өзөктүк куралга ээ болуусун алдын алуу зарылдыгы келип чыккан учурда АКШ Иранга каршы аскердик күч колдонот. Бул тууралуу израилдик телевидениеге АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук билдирген.

Брайан Хуктун айтуусу боюнча: «АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын эч качан өзөктүк куралга ээ болуусуна мүмкүнчүлүк бербейт. Эгерде Иран бул оюнан кайтпаса, АКШ ага каршы согуштук аракеттерди баштайт».

Белгилей кетсек, 27-май күнү АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иранга өз ядролук программасы боюнча долбоорлорду жабуусу үчүн эки айлык убакыт берилерин, бул мөөнөт аяктагандан кийин Иранга каршы ар кыл санкциялар киргилизип баштаарын жар салган.