Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Алар:
1. Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (57 жаштагы эркек киши, 67 жаштагы эркек киши);
2. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан – 1 (60 жаштагы эркек киши);
3. Москва аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши);
4. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (72 жаштагы аял киши).

Жалпы каза болгондордун саны 62 кишини түздү.

Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 73 бейтап:
Бишкек ш. – 30
Чүй облусу – 13
Ош ш. – 20
Ош облусу – 1
Нарын облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 7