Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 879 учур катталды, алардын ичинен 446 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.