Эльдар Сапаев аттуу фейсбук колоднуучу өзүнүн баракчасына «Тез жардам» унаасын түртүп бара жаткан дарыгерлердин видеосун жүктөдү.

«Уятсыз чиновниктер жол тандабастарды минип жүрүшөт. Бул жергиликтүү татынакай дарыгер айымдар күлгөнгө да күчтөрү жетет. Менин аларга боорум ооруп жатат. Көзүмө жаш келди«, — деп жазган ал.

Тасмадан дарыгерлер «Тез жардам» унаасын түртүп, унаа от алгандан кийин гана жылмайып унаага отуруп кеткенин көрүүгө болот.