Коом
БУУ кыргыз дыйкандарына тонналап жер семирткич жана дизель берди
Бириккен
Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму кыргызстандык дыйкандарга 134
тонна жер семирткич, 24,5 тонна дизель майын алып берди. Бул
туурасында Республикалык штаб билдирди.
Мындай материалдык колдоону Нарын облусунун Кочкор, Ат-Башы,
Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда
жашаган жардамга муктаж дыйкандар алганы айтылат.
Бул иш-чара Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация
министрлиги жиберген сурамдын негизинде жүзөгө ашырылганы айтылат.