Казакстандын өкмөтү өлкөнүн аймагында кайрадан карантин жарыялоону сунуштады. Ал 14 күнгө созулушу мүмкүн. Бул маалыматты Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

Карантин чарасы өлкөдө коронавирус оорусун жуктурган адамдардын саны өсүп жатканы менен байланыштуу.

«Өкмөт 5-июлдан баштап 14 күндүк карантин жарыялоону сунуштады. Узартылышы да мүмкүн. Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунан кийин саламаттыкты сактоо министри комментарий берет», — деп жазган президент.

Жыйын бүгүн, 2-июлда болот.